Клубдардын премьер-лигага өтүүсү боюнча жаңы эрежелер бекитилди
30 май

Клубдардын премьер-лигага өтүүсү боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Күн мурун, 29-майда Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында КФБнын ишмердүүлүгүнө жана өлкөдө футболду өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири — премьер-лиганын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү болду. Бул өзгөртүүлөр атаандаштыкты күчөтүүгө багытталды.

Тактап айтканда, премьер-лигага (биринчи дивизион) Улуттук лигадан (экинчи дивизион) клубдардын өтүүсү боюнча эрежелери так аныкталып, бекитилди.

Жаңы эрежеге ылайык, сезон жыйынтыгы боюнча Улуттук лигада 1-орунду ээлеген команда премьер-лигага жолдомо алса, премьер-лигада акыркы – 14-орунду ээлеген команда Улуттук Лигага түшөт. Ал эми, премьер-лигада 13-орун жана Улуттук Лигада 2-орунду ээлеген командалар Премьер-Лигада ойноо укугу үчүн эки беттеш өткөрүшөт.

Жыйында ошондой эле КФБнын аткаруу органы тарабынан U-13, U-15 жана U-17 курактагы жаштар командалары арасында өтүүчү КР Кубогунун регламенттери бекитилди.

Мындан тышкары, КФБ калыстардын жана инспекторлордун Тартип кодекси, КФБнын оюнчулардын макамы жана трансферлери (өткөрүүлөрү) боюнча Регламентине өзгөртүүлөр киргизилип, 2025-жылга карата футболдук иш-чаралардын календары жаңыртылды жана КФБнын 2025-жылдагы бюджети боюнча өзгөртүүлөр каралды.

Ошондой эле Аткаруу комитетинин мүчөлөрү уюштуруу мүнөзүндөгү бир катар маселелерди, анын ичинде КФБнын кезектеги Конгрессине даярдык жана профилдик комитеттердин жаңы курамдарын түзүү маселелерин талкуулашты.