ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт боюнча эксперттеринин кеңешмеси өтүүдө
Бүгүн, 30-апрелде Ысык-Көл облусунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт боюнча эксперттеринин кеңешмеси өтүүдө.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын башчысы Нурсултан Курманалы уулу жетектеп, кеңешменин күн тартибинде төмонкү маселелер талкууланууда:
1. ШКУга мүчө мамлекеттердин спорттук интеграциясы боюнча Программанын долбоорунун концепциялары жана ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт кадрларын биргелешип даярдоо боюнча Программанын долбоору тууралуу.
2. ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинин алдында дене тарбия жана спорт боюнча жумушчу топ жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу.
3. «ШКУнун ачык кубогу» эл аралык спорттук мелдештеринин Регламентин бекитүү тууралуу.
4. ШКУга мүчө мамлекеттердин 2026–2027-жылдарга карата негизги эл аралык спорттук иш-чараларынын бирдиктүү Календардык планын бекитүү тууралуу.
5. ШКУга мүчө мамлекеттердин марафон уюштуруучуларынын Ассоциациясын түзүү тууралуу.
6. Иран Ислам Республикасынын Спорт жана жаштар министрлиги тарабынан демилгеленген Бешинчи кеңешменин Протоколунун декларациясы тууралуу.
Эскерте кетсек ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жооптуу министрликтеринин жыйыны 1-май күнү Чолпон-Ата шаарында өтөт.
