Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
30 апрель

Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Бишкекте 28–29-апрель күндөрү Кыргызстандын Коргоо министринин Кубогу үчүн аскердик кармаш уруш боюнча чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Аталган иш-чара “Газпром-Балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп, мелдешке 300дөн ашык спортчу жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген 20дан ашык команда катышты.

Жалпы командалык жыйынтык:

  • 1-орун — «Скорпион»
  •  2-орун — Аскердик институт
  •  3-орун — ИИМ академиясы