Кыз-келиндер курамасы Непалда өтө турган «Төрт улуттун кубогу» мелдешине катышат
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы, Непалдын Катманду шаарында өтө турган «Төрт улуттун кубогу» мелдешине катышат. Мелдеш 15-февралдан 27-февралга чейин өтүп, анда Кыргызстан, Мьянма, Ливан жана Непалдын курамалары беттешет.
Регламент боюнча беттештер айлампа системасынын негизинде бир айлампада өтөт, ал эми биринчи жана экинчи орунду алган командалар кубок үчүн финалда кез келишет.
Мелдештин программасы: 17-февраль- Непал-Кыргызстан 20- февраль- Кыргызстан-Мьянма 23-февраль- Кыргызстан-Ливан Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курамасы башкы машыктыруучу Нематжан Закировдун жетекчилиги алдында ойношот.
