Казыбек Молдажиев самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты
7 ноябрь

Казыбек Молдажиев самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорттук комплексинде самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Эл аралык самбо федерациясынын (FIAS) президенти Василий Шестаков, дүйнөлүк самбонун элчиси, самбо жана аралаш мушташ өнөрүнүн легендасы Фёдор Емельяненко ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана самбо күйөрмандары катышты.

Ачылыш аземинин расмий бөлүгүн Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев ачып, куттук сөздөр сүйлөндү.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан үчүн мындай ири эл аралык спорттук иш-чараны өткөрүү чоң сыймык экенин белгиледи.

Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатына дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 659 спортчу катышууда.

Аталган чемпионат Кыргызстанда самбонун 60 жылдыгына арналган. Өлкөдө самбо спорту 1965-жылы Сергей Жулдыбин анын негизин түптөгөн учурдан тартып өнүгүп келет.

Дүйнө чемпионатында спорттук жана күжүрмөн самбо түрлөрү боюнча, ошондой эле SVI-1 класстагы көзү азиз спортчулар арасында жалпы 31 топтом медаль ойнотулат.