Ош мэриясы
9 июль
Ош шаарында Ордо аянтчасы ачылды
Ош шаарында улуттук спортко шарт түзүлдү, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шаар борборунда жаңы Ордо аянтчасы ачылды.
Шаар башчысы Жанарбек Акаев белгилегендей, Ош шаарында заманбап спорттун түрлөрү менен катар эле улуттук спортко да өзгөчө көңүл бурулат. Жаштар арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана - негизги максат.
Жаңы аянтча спорт комитетинин балансында турат. Каалоочу бардык жарандар келип акысыз Ордо оюнун ойной алышат. Ошондой эле бул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата машыгуулар жана тандоо мелдештери өткөрүлөт.
Ош шаарынын мэриясы мындан ары да улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иштерди улантат.
