“Лыжа туризминин инструктору” кесиби боюнча кесиптик стандартты иштеп чыгуу маселесине карата тегерек стол болуп өттү
12 август

“Лыжа туризминин инструктору” кесиби боюнча кесиптик стандартты иштеп чыгуу маселесине карата тегерек стол болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жактыруу жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, бүгүн, 12-августта, “Лыжа туризминин инструктору” кесиби боюнча кесиптик стандартты жана квалификациялардын тармактык алкагын иштеп чыгуу боюнча тегерек стол болуп өттү.

Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков дайындалып, талкууга тиешелүү мамлекеттик органдардын, спорт жана туризм тармагынын өкүлдөрү, адистер жана кызыкдар тараптар катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө “Лыжа туризминин инструктору” кесибине коюлуучу негизги талаптар, адистин кесиптик компетенциялары, билимине жана практикалык көндүмдөрүнө коюлуучу талаптар талкууланды.

Ошондой эле инструкторлорду даярдоонун сапатын жогорулатуу, алардын квалификациялык деңгээлин аныктоо жана кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын тактоо маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары, лыжа туризминин инструкторунун ишинде коопсуздук талаптарын сактоо, туристтер менен иштөө, лыжа тебүү техникасын үйрөтүү жана окуу-машыгуу процессин уюштуруу боюнча талаптарды кесиптик стандартта чагылдыруу боюнча сунуштар айтылды.