Футбол: Кыргызстан Өзбекстанга утулуп калды
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында конокто Өзбекстан курама командасы менен беттешти.
Жолугушуу Ташкент шаарындагы «Бунёдкор» стадионунда өттү.
Оюн Өзбекстан командасынын жеңиши менен аяктады. Эсеп 1:0.
Белгилей кетсек, Максим Лисицындын командасы үчүн бул беттеш жооптук болду, анткени командалар 2024-жылдын сентябрында бул раундда кез келген. Анда өз үйүндөгү болгон беттеште ак шумкарлар 2:3 эсебинде жеңилүү ызаасын тарткан.
