Кыргызстандын оор атлетика боюнча кубогу: Бишкектик спортчулар 19 медалга ээ болушту
14 февраль

Кыргызстандын оор атлетика боюнча кубогу: Бишкектик спортчулар 19 медалга ээ болушту

Бишкек шаарында чоңдор арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын кубогу болуп өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Мелдешке 144 спортчу, анын ичинде 122 улан жана 22 кыз катышты.

ӨРАБӨМдүн оор атлетика боюнча спортчулары өз мектебин татыктуу көрсөтүп, 19 медаль жеңип алышты жана жогорку деңгээлдеги даярдыгын далилдешти.

Жыйынтыктар боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

Алтын медалисттер (I орун):
* Омуржанов Арсен (61 кг);
* Муратбек уулу Ишенбек (73 кг);
* Нурланбек уулу Нурчолпон (81 кг);
* Молдодосов Эмил (89 кг);
* Тармалов Нурсултан (96 кг);
* Кадырахунов Ильхам (+109 кг);
* Курбанбек кызы Айдай (59 кг);
* Байгачева Анисия (64 кг);
* Женишбек Жамиля (71 кг);
* Мельниченко Татьяна (76 кг);
* Алмазбек кызы Канымжан (87 кг);
* Байгачева Агата (+87 кг).

Күмүш медалисттер (II орун):
* Шакиржанов Фарух (96 кг);
* Эрмек уулу Эрбол (109 кг);
* Мийназаров Муканбет (+109 кг);
* Мамбетказиева Саида (71 кг);
* Шакирова Анара (64 кг).

Коло медалисттер (III орун):
* Тимур Абдылдаев (102 кг);
* Мурзакулбекова Фатима (71 кг).