Кыргызстандык параатлеттер Япониядан төрт медаль менен кайтты
15 октябрь

Кыргызстандык параатлеттер Япониядан төрт медаль менен кайтты

Кыргызстандык параатлеттер Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдешинен мекенине кайтып келди.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов, федерация өкүлдөрү жана жакындары тосуп алды.

Эске салсак, Японияда өткөн мелдеште кыргызстандык параатлеттер төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:

PTVI категориясы боюнча:

  • Гулназ Жузбаева – алтын медаль;
  • Дастан Камчибеков – күмүш медаль;
  • Жалалдин Абдувалиев – коло медаль.

PTWC категориясы боюнча:

  • Сезим Мейманбаева – күмүш медаль.

Белгилей кетсек, Сезим Мейманбаева триатлон боюнча мелдешке биринчи жолу катышып, байгелүү орунга ээ болду.