Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү
Бишкек шаарындагы №5 мектептин спорт аянтчасында “Биз кылмыштуулукка каршыбыз” деген ураан алдында балдар жана өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мелдешке шаардын төрт районунан тең командалар катышты.
Жыйынтыгында сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун – Свердлов району;
2-орун – Биринчи май району;
3-орун – Ленин району;
4-орун – Октябрь району.
Жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Турнирдин максаты – келечек муундарды коомдогу терс көрүнүштөрдөн, кылмыштуулуктан алыстатуу, мектеп окуучуларын спорт аркылуу ынтымакка чакыруу болуп саналат.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Свердлов районунун администрациясы менен биргеликте өткөрдү.