Москвада Кыргыз футзал лигасынын 2025-2026-жылкы сезонунун жеңүүчүлөрү сыйланды
Кыргыз футбол биримдиги
3 июнь

Москвада Кыргыз футзал лигасынын 2025-2026-жылкы сезонунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Москва шаарында «Кыргыз Футзал Лигасы» жана «Медиктер Футзал Лигасынын» 2025–2026-жылкы сезонунун жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, иш-чарага 300гө жакын конок, футболчулар жана футзал сүйүүчүлөрү катышты.

Салтанатка Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен облусу боюнча Кыргыз футбол биримдигинин аймактык өкүлү Айбек Ражапов катышышты.

Сыйлоо аземинде 50+, 45+, 40+, 33+ жаш курактык категорияларындагы жана медицина тармагындагы командалардын арасында өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери аныкталып, мыкты капитандар, оюнчулар, калыстар жана демөөрчүлөр сыйланышты.

Иш-чара белгилүү маданият өкүлдөрүнүн коштоосунда өтүп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.

Ошондой эле аземдин жүрүшүндө Москва шаарындагы Кыргыз футзал лигасынын жетекчиси Акбалаев Батырбек Сайпидиновичке Кыргыз футбол биримдигинин Москва шаары жана Москва облусу боюнча өкүлү деген ардак сыйлык тапшырылды.

Аталган иш-чара чет өлкөдө жашаган мекендештер арасында спортту жайылтууга, сергек жашоо образын өнүктүрүүгө жана кыргыз футболунун биримдигин чыңдоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.