Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондун курулушу аяктап калды
Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондун курулушу аяктап калды, деп кабарлайт президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, облус жетекчиси Элчибек Жантаев иш сапары менен Өзгөн районуна барып, бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышып чыкты.
Сапардын алкагында облус жетекчиси Өзгөн шаарында курулуп жаткан борбордук стадиондун курулуш иштерин көрүп, курулуш компаниянын өкүлдөрүнөн долбоордун жүрүшү боюнча маалымат алды.
Анда белгиленгендей, учурда стадиондо футбол талаасынын жана эски тосмолордун демонтажы жүргүзүлүп, жаңы чуркоо жолдору, волейбол аянтчасы, ажаатканалар, жуунуучу жайлар жана медициналык пункт курулууда. Көрүүчүлөр үчүн жаңы отургучтар орнотулуп, талаага түнкү жарыктандыруу жабдуулары орнотулууда.
Стадиондун айланасы тосмолонуп, кошумча автоунаа жолу да салынды. Мындан тышкары, жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн суу резервуарларынын курулушу толугу менен аяктаган.
Муну менен катар Жантаев стадионго жанаша жайгашкан «Орто-Коргон» паркындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышып, бардык жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүтүрүү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмаларды берди.
