Ысык-Көлдө юстиция министринин кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү
16 сентябрь

Ысык-Көлдө юстиция министринин кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү

Үстүбүздөгү жылдын 13-15-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө юстиция министринин кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара Пробация башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналды.

Турнирге Юстиция министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Юстиция министрлигинин бардык ведомстволук жана аймактык органдарынын: Пробация департаментинин, Жазаларды аткаруу кызматынын, Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын, Соттук-эксперттик кызматтын, Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун, Соттук өкүлчүлүк борборунун, Юридикалык жардам кызматынын жана облустук юстиция башкармалыктарынын кызматкерлери катышышты. Ошондой эле пробациянын кардарлары талаага чыгышты.

Турнирдин негизги максаты — юстиция тутумунун кызматкерлеринин арасында корпоративдик духту чыңдоо жана пробациянын кардарларын социалдык реабилитациялоого жана коомго интеграциялоого көмөктөшүү.

“Бул күн — жалпы юстиция системасы үчүн маанилүү дата, жана биз аны ушундай активдүү жана достук маанайда белгилеп жатканыбызга кубанычтамын.  Биздин турнир жөн гана спорттук мелдеш эмес, бул — биримдиктин, кызматташтыктын жана жеңишке болгон умтулуубуздун символу”, - деди юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов турнирди ачып жатып.

Турнир достуктун жана чынчыл атаандаштыктын духунда өттү. Бардык катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыктарын жана спорттук чеберчиликтерин көрсөтүшүп, бардык катышуучулар үчүн позитивдүү атмосфера түзүштү.

Турнирдин жыйынтыгында:

1-орунду Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы,

2-орунду Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы,

3-орунду пробациянын кардарлары ээледи.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара  Европа Биримдиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан каржыланган “Бардыгына сот адилеттүүлүк” долбоорунун колдоосу менен өттү.