Бишкекте салтка айланган "Мурас" футбол турнири өтөт
Бишкекте салтка айланган "Мурас" футбол турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Турнир 31-май жана 1-инюь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команда катышат.
Салтка айланган бул достук мелдеши сегизинчи жолу ойнотулат.
Катышуучулар:
- «Кыргыз Республикасынын президентинин командасы»,
- «Жогорку Кеңеш»,
- «Көзөмөл»,
- «Аймактар,
- «Ден соолук»,
- «Коопсуздук»,
- «Фемида»,
- «Спорт чеберлери»,
- «Журналисттер»,
- «Өнөр»,
- «Билим»,
- «Достук»,
- «Динамо»,
- «Ыйман»,
- «Банктар жана бизнес»,
- «Элчилер».
Турнир Бишкек шаарынын Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын спорткомплексинде жана «Газпром» дене тарбия жана ден- соолук чындоочу комплексинде орун алат.
Мелдештин оюндарын УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып берет.
Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана КР президентинин администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулат.
Белгилесек, бул турнирдин негизги максаты - өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.
Андан сырткары, мелдеш өлкөбүздүн коомчулугунун ар кандайчөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталат.
Турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруунун жакшы мисалдарынын бири болуп саналат.
