Дүйнө чемпионаты (U-20): Асан Жанышов алтын медалга ээ болду
4 сентябрь

Дүйнө чемпионаты (U-20): Асан Жанышов алтын медалга ээ болду

Балбан 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште грузиялык балбан Ачико Болквадзени 11:3 эсебинде утту.

Чейрек финалдык беттеште швециянын балбаны Хамза Сертканлини 7:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште румыниялык Патрик И. Горданды 8:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште азербайжандын балбаны Джоджу Самедовду 8:0 эсебинде утуп, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.