Президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду
31 июль

Президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам 2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – сурдлимпиадалык кыймылды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жарандардын дене тарбия жана спорт менен машыгууга катышуусун кеңейтүү, улуттук курама команданын курамындагы спортсмендерди кошумча социалдык жактан колдоо, ошондой эле спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Мыйзамга ылайык төмөнкү негизги өзгөртүүлөр каралган:

• “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдагы негизги түшүнүктөр такталып, жаңыланды. Анын ичинде “Сурдлимпиада оюндары” жана “киберспорт” түшүнүктөрү мыйзамдык деңгээлде киргизилди;
• Дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга республикалык спорт федерацияларын аккредитациялоо ыйгарым укугу берилди;
• Спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;
• Спорттук иш-чараларды уюштуруучулар көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат;
• Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамында болгон мезгил спортсмендердин дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү эмгек стажына эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.