АФКнын футбол менеджменти боюнча программасынын 3-модулу өттү 
20 июнь

АФКнын футбол менеджменти боюнча программасынын 3-модулу өттү 

Үстүбүздөгү жылдын 16-20-июнь күндөрү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде АФКнын академиялык билим берүү борбору (ACE) менен биргеликте Football Administration and Management боюнча ACFAM программасынын үчүнчү модулу ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу КФБдан кабарлашты. 

АФКга мүчө 47 өлкөнүн ичинен Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган бул программа апрель айында старт алган.

Программанын максаты – футбол тармагындагы адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу.

3-бүлүмдө катышуучулар төмөнкү темаларга анализ жасап, лекциялар, интерактивдүү талкуулар жана практикалык кейстер аркылуу билим алышты:

  • Киреше табууну пландаштуу жана коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү издөө
  • Оперативдик башкаруу — күнүмдүк иштерди уюштуруу
  • Турнирлерди пландоо жана логистика
  • Кризисдик менеджмент
  • Операциялык иште маалымат жана технологияларды колдонуу.

Программага аймактык ассоциациялардан, клубдардан, академиялардан, лигалардан жалпы 33 адис катышууда.

12 модулдук программа 2025-жылдын октябрь айында аяктайт.