2027-жылкы Азия Кубогунун даталары жана стадиондору белгилүү болду
9 январь

2027-жылкы Азия Кубогунун даталары жана стадиондору белгилүү болду

Азия Футбол Конфедерациясы (АФК) 2027-жылкы АФК Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогу 7-январдан 5-февралга орун ала тургандыгын жарыялады. 

Беттештин даталары АФК Азия Кубогунун Уюштуруу комитети тарабынан коюлуп, аны кабыл ала турган шаарлар жана стадиондор аныкталды.

Турнир Сауд Арабиясынын үч шаарында өтөт, ал эми анын беттештерин сегиз стадион кабыл алат:

Эр-Рияд шаары:

  • King Fahd Sports City
  • King Saud University
  • Imam Mohammed Ibn Saud University
  • Kingdom Arena
  • Al Shabab

Джидда шаары:

  • King Abdullah Sports City 
  • Prince Abdullah Al Faisal Sports City


Аль-Хобар: 

  • Жаңы стадион (курулуш пландалууда).

Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук курама командасы 2024-жылдын июнь айында аталган мелдешке болгон жолдомону алдын ала камсыздаган.