Кыргызстандык спортчулар Азия өспүрүмдөр пара оюндарынын ачылыш аземине катышты
Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 10-декабрда Азия өспүрүмдөр пара оюндарынын расмий ачылышы болду.
Ачылыш аземинде Кыргызстандын курама командасы параддан өтүп, мамлекеттик тууну улуттук команданын капитаны, пара пауэрлифтинг боюнча спортчу Азизбек Нарбаев көтөрүп чыкты.
Иш-чарага Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, спортсмендер, машыктыруучулар жана спортсмендердин коштоочулары катышты.
Белгилей кетсек, Азия өспүрүмдөр пара оюндары 14-декабрга чейин уланат.
Кыргызстандын атынан 20 спортчу сууда сүзүү, таэквондо, жеңил атлетика, стол тенниси, пауэрлифтинг, голбол, армрестлинг жана бочча сыяктуу спорттун 8 түрү боюнча таймаштарга катышууда.
