Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча Азия чемпионаты өтөт
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
2 июнь

Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча Азия чемпионаты өтөт

Ысык-Көлдө 5-14-июнь күндөрү армрестлинг боюнча 24-Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш Корумду айылында уюштурулат.

Континенталдык биринчиликке Азия өлкөлөрүнөн күчтүү спортчулар катышып, чоңдор, жаштар, юниорлор, өспүрүмдөр, ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында байгелүү орундар үчүн күч сынашат.

Чемпионаттын алкагында сол жана оң кол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы 291 категорияда жеңүүчүлөр аныкталат. Мындан тышкары спортчуларга 873 медаль, 888 диплом жана 15 кубок тапшырылат.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Азия армрестлинг федерациясы (AAF) жана Кыргызстандын армрестлинг федерациясы тарабынан уюштурулуп, Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы спорттук кызматташтыкты чыңдоого жана армрестлинг спортун өнүктүрүүгө багытталган.