Кыргызстандык самбочулар Москвада өтчү эл аралык мелдешке катышат
Кыргызстандын самбо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 23-26-март күндөрү өтөт
Курама команданын тизмеси:
- 64 кг Дастан Исаков, Белек Бараканов;
- 79 кг Байэл Жакшылыков;
- 71 кг Кубаныч Адилет уулу;
- 88 кг Фарух Мамаджанов;
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
