Азия-Тынч океан сурдо оюндары: Кыргызстандык Шахида Амирова алтын утту
5 декабрь

Азия-Тынч океан сурдо оюндары: Кыргызстандык Шахида Амирова алтын утту

Кыргызстандын сурдо таэквондо ВТ боюнча улуттук командасынын мүчөсү Шахида Амирова X Азия-Тынч океан сурдо оюндарында чемпион болду. Бул туурадуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. 

Мелдеш Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жатат.

Спортчу 53 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач жарым финалдык казакстандык Аяулым Жеңисбекованы 2:0 эсебинде, финалдык беттеште Марзиен Хошаялды 2:1 эсебинде жеңип, өз салмагында X Азия-Тынч океан сурдо оюндарынын жеңүүчүсү болду.