Улуттук футбол академиясына ФИФА Таланттар академиясы макамы ыйгарылды
24 март

Улуттук футбол академиясына ФИФА Таланттар академиясы макамы ыйгарылды

Бишкек шаарында Улуттук футбол академиясына ФИФА Таланттар академиясы макамын ыйгаруу аземи өттү.

Бул макам Кыргыз футбол биримдиги менен ФИФАнын ортосундагы тыгыз кызматташуунун жана акыркы жылдардагы системалуу иштин жыйынтыгы болуп саналат. 2023-жылы Кыргыз Республикасы ФИФАнын Таланттарды өнүктүрүү программасынын пилоттук өлкөлөрүнүн бири болуп тандалгандан бери өлкөдө футболду өнүктүрүү багытында олуттуу өзгөрүүлөр ишке ашырылды.

Ал эми бүгүн, 24-мартта бул макам салтанаттуу түрдө тапшырылды. Аземге КФБ жетекчилиги, ФИФА өкүлдөрү, академиянын тарбиялануучулары жана алардын ата-энелери катышты. Академиянын статусун белгилеген такта ФИФАнын Жогорку көрсөткүчтөр программасынын жетекчиси Ульф Шоттун колунан КФБ Биринчи Вице-президенти Букуев Нурдинге өткөрүлдү. Иш чарага келген ФИФА өкүлдөрү арасында Алтын топтун ээси, легендарлуу оюнчу Христо Стоичков жана Дүйнө чемпиону Клаудиа Сорноса болду.

Белгилесек, бул ийгилик менен Кыргызстанды ФИФА Президенти Джанни Инфантино куттуктады.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 14-орунда мындаймакамга ээ болду. Ошондой эле ал АФК аймагындагы 10 ФИФА Таланттар академиясынын катарына кирип, дүйнө жүзү боюнча иштеп жаткан 54 академиянын ичинен эң мыктыларынын бири катары бааланууда.

Учурда академияда 87 жаш футболчу машыгып, атамекендик жана чет элдик адистер иш алып барууда. Иш-чара ФИФА Таланттарды өнүктүрүү программасыныналкагында өтүүдө.

Кыргыз футбол биримдиги өлкө боюнча таланттарды аныктоо системасын өнүктүрүүнү, жаш оюнчулардын эл аралык тажрыйбасын кеңейтүүнү жана адистердин квалификациясын жогорулатууну улантат.