Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт
12 февраль

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт

15-16-февраль күндөрү Дене тарбия жана спорт академиясында жеңил атлетика боюнча Кыргыз Респуликасынын биринчилиги өтөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Жөө күлүктөр төмөнкү аралыктырга чуркашат:

  • Кыз-келиндер: 60, 200, 400, 800, 1500, 3000 м жана алыстыкка секирүү;
  • Эркектер: 60, 200, 400, 800, 1500, 3000 м жана алыстыкка секирүү;
  • Эстафета мих: 200 жана 400 м.