АФК 2031-жылкы Азия Кубогун өткөрүү боюнча жети өтүнмөнү карайт
11 апрель

АФК 2031-жылкы Азия Кубогун өткөрүү боюнча жети өтүнмөнү карайт

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа мүчө ассоциацияларга ыраазычылык билдирип, АФК 2031 Азия Кубогунун финалдык бөлүгүн өткөрүүгө жети өлкөдөн расмий өтүнмө алынганын баса белгиледи. Бул мелдеш тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.   

Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн АФКнын Аткаруу комитетинин 6-жыйынын жетектеген шейх Салман бул көрсөткүч Азиядагы эң жогорку деңгээлдеги футболдук турнирдин статусун айгинелей турганын белгиледи.
Жыйынга Борбор Азия футбол ассоциациясынан өкүл катары Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев да катышты. 

Белгилей кетсек, турнирди өткөрүүгө кызыктар болгон төмөнкү футбол ассоциациялары өтүнмө тапшырды:

- Австралиянын футбол федерациясы
- Индиянын футбол федерациясы
- Индонезиянын футбол ассоциациясы
- Корея Республикасынын футбол ассоциациясы
- Кувейттин футбол ассоциациясы
- Бириккен Араб Эмираттарынын футбол ассоциациясы
- Биргелешкен өтүнмө: Кыргыз футбол биримдиги, Тажикстандын футбол федерациясы жана Өзбекстандын футбол ассоциациясы

«АФК Азия Кубогу — талашсыз түрдө эң чоң ийгиликтердин бири болуп саналат. Катарда өткөн акыркы турнир бул мелдештин дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спорттук иш-чаралардын бири экенин дагы бир жолу тастыктады.

Келген өтүнмөлөрдүн рекорддук саны бул турнирдин кадыр-баркын жана кызыктуулугун дагы бир жолу ырастап турат. АФКнын аткаруу комитетинин атынан бардык мүчө ассоциацияларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Алар бул мурасты улантууга жана өнүктүрүүгө болгон ниетин айкын көрсөтүштү».

Шейх Салман мындай деп кошумчалады: «АФК Азия Кубогун өткөрүү ар дайым олуттуу жана туруктуу пайда алып келет. Бул — инфраструктураны өнүктүрүү, транспорттук жана санариптик байланыштын жакшыртылышы, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрдүн өсүшү, футболдун техникалык деңгээлинин жогорулашы жана кабыл алуучу өлкөнүн дүйнөлүк спорт борбору катары макамынын бекемделиши. 

Бул турнирди өткөрүүгө болгон кызыгуу биздин мүчө ассоциациялардын жогорку амбициясын гана эмес, ошондой эле ушундай ири деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө болгон ишенимин да чагылдырат. Ал эми бул АФКнын өз мүчөлөрүнүн өнүгүшүнө багытталган инвестицияларынын жемиши жана Азия футболунун биргелешкен күчүн, өсүп-өнүгүүсүн тастыктап турат», - деди АФК президенти.