Кикбоксинг боюнча улуттук курама Камбоджада өтүп жаткан Азия чемпионатына катышууда
Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Камбоджа мамлекетинде өтүп жаткан Азия чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдеш бүгүн, 8-октябрда башталып, 13-октябрга чейиин созулат.
Курама команданын тизмеси:
- 60 кг Адилтет Улан уулу (лоу-кик);
- 71 кг Аброр Хакимов (лоу-кик);
- 75 кг Азамат Кудайбердиев (К1 лицензиялык салмак, Бүткүл дүйнөлүк күрөш оюндары).
Курама команда улук машыктыруучу Куан Абдыраимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
