Кыргызстандыктар Дене тарбия жана спорт мамагенттигинин ишине эң жогорку деген баа беришти
Жарандардын коррупциянын деңгээли тууралуу жеке түшүнүгүн чагылдырган индексте мамлекеттик агенттиктердин ичинен эң жогорку республикалык көрсөткүчтү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги алды.
Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча маалыматына ылайык, аталган мекеменин көрсөткүчү 48,2 баллды түздү.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 45,4 балл, Туризмди өнүктүрүү агенттиги 42,7 балл, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик 42 балл алды.
Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин көрсөткүчү 40,8 баллды, Улуттук инвестициялар агенттигиники 37,3 баллды түздү.
Мамлекеттик агенттиктердин арасында эң төмөнкү көрсөткүч Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде катталып, 33,2 баллды түздү.
