Кыргызстандык тайбоксчулар Азия чемпионатында 11 алтын медаль жеңди  
8 октябрь

Кыргызстандык тайбоксчулар Азия чемпионатында 11 алтын медаль жеңди  

Тайбокс боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында жалпы 13 медаль жеңди. Анын ичинен 11 – алтын, 2 – күмүш медаль. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Азия чемпионаты Армениянын Ереван шаарында 3-6-октябрь күндөрү өткөн.

Алтын медалдын ээлери:

  • Рамис Масловец (42 кг),
  • Диана Заинитдинова (54 кг),
  • Алия Саалыева (48 кг),
  • Милана Шихшабекова (51 кг),
  • Аделя Асылбек кызы (60 кг),
  • Махабат Орозбекова (67 кг),
  • Альберт Бактыбеков (57 кг),
  • Элзаман Замирбеков (60 кг),
  • Ихтияр Каныметов (63,5 кг),
  • Султан Амангелдиев (71 кг),
  • Дмитрий Луговой (91 кг).

Күмүш медалдын ээлери:

  • Ильяз Абдулин (54 кг)
  • Ахмед Ашурбеков (75 кг).

Эскерте кетсек, курама команда машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов, Александр Кононенко жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Табылдиевдин жетекчилиги алдында катышты.