Кыргызстандын күрөш боюнча курама командалары Вьетнамда өтчү Азия чемпионатына катышат
21 май

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командалары Вьетнамда өтчү Азия чемпионатына катышат

Ушул жылдын 23-31-май күндөрү Вьетнамдын Да Нанг шаарында спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Аталган мелдешке Кыргызстандыын улуттук курама командалары катышат. 

Континенталдык биринчиликте кыз-келиндер күрөшү, грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча Азиянын мыкты балбандары күч сынашат.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын тизмеси:

53 кг чейин - Азиза Келдибекова;
55 кг чейин - Арууке Кадырбек кызы;
57 кг чейин -Таңчолпон Кыбалбекова;
59 кг чейин - Акылай Чыныбаева;
62 кг чейин - Калмира Билимбек кызы;
65 кг чейин -Гүлнур Таштанбекова;
68 кг чейин - Меруерт Октябрева;
72 кг чейин - Кайыргүл Шаршебаева;
76 кг чейин - Айжаркын Жаныбекова.
Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков;
Улук машыктыруучу - Нурдин Донбаев.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын тизмеси :
56 кг чейин - Нурболот Бердикулов;
60 кг чейин - Нуристан Суеркулов;
63 кг чейин - Баяман Апилов;
67 кг чейин - Баяман Каримов;
72 кг чейин - Ырыскелди Хамзаев;
77 кг чейин - Илгиз Каныбеков;
82 кг чейин - Эрлан Марс уулу;
87 кг чейин - Алымбек уулу Артыкбек;
97 кг чейин - Жениш Жумабеков;
130 кг чейин - Нурболот Токтогонов.
Башкы машыктыруучу - Руслан Царев;
Улук машыктыруучусу - Арсен Эралиев;
Машыктыруучу - Айбек Бердалиев.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын тизмеси :
57 кг чейин - Баяман Керимбеков;
62 кг чейин - Юхан Догдурбек уулу;
65 кг чейин - Өскөнбай Абдисаматов;
70 кг чейин - Залкар Табалдиев;
74 кг чейин - Адилет Акылбеков;
79 кг чейин - Байтемир Түлөбердиев;
86 кг чейин - Элнур Акыбаев;
92 кг чейин - Улук Сооронбеков;
98 кг чейин - Кутман Төлөбалдиев;
125 кг чейин - Жаргалан Будажапов.
Улук машыктыруучу - Ильгиз Жакыпбеков;
Улук машыктыруучу - Эламан Догдурбек уулу