Кыргызстандын футбол боюнча жаштар бүгүн Азия кубогунун алкагында алгачкы беттешин баштайт
12 февраль

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар бүгүн Азия кубогунун алкагында алгачкы беттешин баштайт

Бүгүн, 12-февралда Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өз беттештерин баштайт.

Жаштар курамасы Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те Австралия курамасы менен алгачкы беттешин өткөрөт.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшөт. Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат.

Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт. Азия Кубогунун бетттештерин «Этномедиа» онлайн-кинотеатры жана УТРК Спорт телеканалы түз алып берет. О