Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа Кубогунун коло байге ээси болду
Испаниянын Малага шаарында өткөн Европа рейтингдик Кубогунда 300дөн ашуун мыкты спортчу күч сынашты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, Кыргызстандын намысын Эрлан Шеров (90 кг чейин) жана Эрбол Абасбеков (66 кг чейин) коргоду.
Эрлан Шеров бир нече кармаш өткөрүп, коло медаль жеңди.
