Кыргызстандык параатлеттер Япониядагы мелдештен байгелүү кайтты
13 октябрь

Кыргызстандык параатлеттер Япониядагы мелдештен байгелүү кайтты

Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдеши жыйынтыкталып, кыргызстандык параатлеттер мыкты жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

PTVI категориясы боюнча:

  • Гулназ Жузбаева - алтын медаль;
  • Дастан Камчибеков - күмүш медаль;
  • Жалалдин Абдувалиев - коло медаль.

PTWC категориясы боюнча:

  • Сезим Мейманбаева - күмүш медаль утту.

Белгилей кетсек, Сезим Мейманбаева триатлон боюнча мелдешке биринчи жолу катышып, байгелүү орунга ээ болду.