Казыбек Молдажиев Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болду
1 октябрь

Казыбек Молдажиев Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болду

Молдажиев Казыбек Илияскарович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.