Сүрөт ачык булактардан алынды
2 сентябрь
ДКО 2026: Көк бөрү мелдешинин чүчүкулагы өттү
Чолпон-Ата шаарында 1-сентябрда мелдештин катышуучуларынын чүчүкулагы өтүп, анын жыйынтыгы менен командалар эки тайпага бөлүнүштү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү мелдешине 7 команда катышат.
Көк бөрү боюнча чүчүкулактын жыйынтыгы:
А тайпасы: Кыргызстан, Россия, АКШ, Өзбекстан.
В тайпасы: Венгрия, Казакстан, Тажикстан.
Эске салсак, көк бөрү боюнча мелдештер 2-сентябрда башталат.
