Кыргызстандык футзалчылар Франциянын курамасын жеңди
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Франция менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңишти илип кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Оюн 18-июнда Хорватиянын Пореч шаарында «Futsal Week June Cup 2025» аттуу эл аралык турнирин биринчи оюн күнүнүн алкагында өткөн.
Оюндун 26-мүнөтүндө Ислам Туратбеков эсеп санын ачса, 37-мүнөттө Кайрат Кубанычов 2:0 кылды. Бирок акыркы мүнөттө атаандаш бир топ айырмасын жойду.
Эске салсак, бул мелдешке катышуу 2026 Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдыктын бир бөлүгү.
