Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду.
Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү.
Чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин барында тең жеңишке жетишти.
Кыргызстандын курама командасы Гонконгду – 4:1, Түштүк Африка Республикасын – 7:2, Иранды – 15:1, Люксембургду – 5:3 жана Мексиканы – 7:4 эсебинде утту.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар мүмкүн болгон 15 упайдын барын топтоп, турнирдик таблицанын биринчи сабын ээлеп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону болду.
Алтын медалдарды багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезонунда дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.
