Өзбекстан курамасынын футболчуларына баасы 5-7 млн сомдук электрокарлар белекке берилди
Өзбекстандын улуттук курама командасынын футболчулары дүйнө чемпионатындагы тарыхый катышуусу үчүн сыйлыктарды алууну улантууда.
Улуттук кураманын капитаны Элдор Шомуродовго жана жарым коргоочу Аббосбек Файзуллаевге B.A. Holding компаниясы тарабынан сыйлык катары XPENG X9 үлгүсүндөгү электр кроссоверлери тапшырылды.
Мындай автоунаанын Өзбекстандагы баасы комплектациясына жараша болжол менен 800 миллион сумдан 1 миллиард сумга чейин. 1 өзбек суму = 0,0073 кыргыз сому курсу боюнча эсептегенде, бул болжол менен 5,8 – 7,3 миллион сомду түзөт.
Бул белек футболчулардын эмгегин жана улуттук кураманын ийгилигине кошкон салымын баалоонун белгиси болду.
Өзбекстандын улуттук курама командасы тарыхында биринчи жолу футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышты. Команда K тайпасына түшүп, анда Португалия, Колумбия жана Конго Демократиялык Республикасы менен күч сынашты.
Алгачкы беттеште өзбекстандык футболчулар Колумбияга 1:3 эсебинде жеңилип калды. Ошол эле учурда Аббосбек Файзуллаев Өзбекстандын дүйнө чемпионаттарындагы тарыхындагы алгачкы голду жаратты.
Экинчи турда команда Португалиядан 0:5 эсебинде жеңилди. Ал эми тайпалык баскычтагы акыркы оюнда Конго Демократиялык Республикасына 1:3 эсебинде утулду. Бул беттеште Өзбекстандын жалгыз голун команданын капитаны Элдор Шомуродов киргизди.
Тайпалык баскычтын жыйынтыгында Өзбекстандын курама командасы төртүнчү орунду ээледи. Команда жалпы 2 гол киргизип, 11 гол өткөрүп жиберди.
