Алишер Козуев Кара-Суу» футбол клубунун президенти болуп шайланды
«Кара-Суу» футбол клубунун уюштуруучулары клубдун президенти кызматына Кара-Суу аймагынын чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII жана VIII чакырылыштарынын депутаты Алишер Козуевди шайлашты. Ал эми клубдун директорлук кызматына Нурсултан Кадырбеков дайындалды.
Команданын жетекчилерин расмий тааныштыруу кечээ, 28-июлда өткөн жумушчу жолугушуунун алкагында өттү. Ага Кыргыз футбол биримдигинин Башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБ Президентинин кеңешчиси Тимур Курманов, Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев, Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов, футбол клубунун өкүлдөрү жана аймактын футбол коомчулугу катышты.
«Кара-Суу» футбол клубу 2026-жылдын башында негизделип, учурда Кыргыз Республикасынын Биринчи лигасында күч сынашууда. Экинчи айлампанын жыйынтыгында команда «Б» тайпасынын турнирдик жадыбалында биринчи орунду ээлеп, ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүүдө.
Кыргыз футбол биримдигинин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири - өлкөнүн бардык аймактарында футболду өнүктүрүү жана кесипкөй клубдардын географиясын кеңейтүү. Ал эми, Кара-Суу району кесипкөй футболду мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон Кыргызстандын түштүгүндөгү потенциалдуу футбол борборлорунун бири болуп саналат.
Клубдун жакынкы пландарына өзүнүн окуу-машыгуу базасын түзүү, материалдык-техникалык инфраструктураны өнүктүрүү жана команданын спорттук потенциалын чыңдоо кирет. Бул иштердин аркасы менен «Кара-Суу» футбол клубу Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасына чыгууну көздөйт.
