Чолпон-Атада Медицина кызматкеринин күнүнө карата Саламаттык сактоо министринин кубогу өтүп жатат
6 июль

Чолпон-Атада Медицина кызматкеринин күнүнө карата Саламаттык сактоо министринин кубогу өтүп жатат

2026-жылдын 5-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде «Саламаттык сактоо министринин кубогу» аттуу масштабдуу спорттук турнир өтүүдө. Медицина кызматкеринин күнүнө карата уюштурулган бул мелдеш КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан биргеликте уюштурулду.

Турнирдин негизги максаты – саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери арасында сергек жашоо образын жайылтуу, кесиптик коомчулуктун башын бириктирүү жана аймактар ортосундагы достук байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат.

Мелдештин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Кыргызстандын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов, саламаттык сактоо координаторлору, медициналык мекемелердин жетекчилери жана өлкөнүн бардык облустарынан келген медициналык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Мындай мелдештер бизге оор жумуш күндөрүнөн бир аз алаксууга гана жардам бербестен, командалык духту да чыңдайт. Медицина кызматкерлери сергек жашоо образынын баалуулуктарын жайылтууда үлгү болушу керек», – деп баса белгиледи ачылыш аземинде Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Дамирбек Осмонов.

Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов бул Кубокту өткөрүү жакшы салтка айланганын кошумчалады: «Бул жолугушуулар бейрасмий баарлашуунун өзгөчө атмосферасын түзөт жана республика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда тыгыз кызматташтыкты орнотууга көмөктөшөт».

Учурда «Ден соолук» ден соолукту чыңдоо лагеринин спорттук аянтчаларында футбол боюнча беттештер өтүп жатат. Командалар байгелүү орундар кызуу күрөш жүргүзүүдө. Турнирдин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин ардактуу кубоктор, дипломдор, ошондой эле акчалай сыйлыктар күтөт.