Атамекендик «Б» категориясындагы машыктыруучулардын саны көбөйөт
Кыргыз футбол биримдигинде АФКнын «Б» категориясындагы машыктыруучулар үчүн уюштурулган окуу курсунун төртүнчү, жыйынтыктоочу модулу өтүүдө.
Окууга жалпы 24 машыктыруучу катышып, өз квалификациясын жогорулатуу жана АФКнын «Б» категориясындагы лицензиясына ээ болууну көздөшүүдө.
Курстун программасы машыктыруучулардын кесиптик компетенциясын өнүктүрүүгө, ошондой эле 13–18 жаштагы оюнчулар менен иштөөгө, командалык тактиканы окутууга жана башкарууга багытталган.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар заманбап машыгуу ыкмаларын өздөштүрүп, техникалык жана тактикалык аракеттерди өнүктүрүү, чабуул коюунун принциптери, борбор аркылуу жана позициялык чабуулдарды уюштуруу боюнча билим алышууда. Ошондой эле практикалык машыгууларды талдоо жана экзамендик тапшырмаларга даярдануу каралган. Мында оюнчулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана Кыргыз футбол биримдигинде колдонулган окутуу методикасын өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Курсту Кыргыз футбол биримдигинин инструкторлору Мирлан Эшенов, Нематжан Закиров жана Владимир Сало алып барышууда. Алар катышуучулар менен өздөрүнүн тажрыйбасы жана заманбап билимдери менен бөлүшүүдө.
Жыйынтыктоочу модулдун соңунда катышуучулар лицензия алуу үчүн акыркы экзаменди тапшырышат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда АФКнын «Б» категориясындагы лицензияга 174 ата мекендик машыктыруучу ээ.
