UIM F1H2O катышуучулары Кыргызстанга келе баштады
29 июль

UIM F1H2O катышуучулары Кыргызстанга келе баштады

2026-жылдын 25-июлунан тарта Кыргыз Республикасына UIM F1H2O «Кыргыз Республикасынын Гран-приси – Ысык-Көл 2026» дүйнө чемпионатына катышуучулар, спортчулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет элдик коноктор келе баштады.

Кыргызстанга келген делегациялардын курамында H2O уюмунун президенти жана негиздөөчүсү Ди Сан Жермано Николо (Di San Germano Nicolo) баштаган өкүлдөр, UIM уюмунун президенти Раффаэле Кьюлли (Raffaele Chiulli) жетектеген өкүлдөр, ошондой эле Stromoy, Abu Dhabi, Sharjah, Atlantic, Maverick, Victory, CTIC жана башка командалардын мүчөлөрү, эл аралык ЖМК өкүлдөрү, тартуучу топ, куткаруучулар тобу жана расмий коноктор бар.

«Манас» эл аралык аэропортунда мелдештин алгачкы катышуучуларын жана спортчуларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жылуу тосуп алышты.

Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар, техникалык адистер жана командалар Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O «Кыргыз Республикасынын Гран-приси – Ысык-Көл 2026» дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө.