Баткен шаарынын борбордук стадиону ноябрда ишке берилет
Кыргыз футбол биримдиги
29 июль

Баткен шаарынын борбордук стадиону ноябрда ишке берилет

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Тимур Курманов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларында, ошондой эле Үч-Коргон айылында курулуп жаткан стадиондордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышышты.

КФБдан кабарлашкандай, иш сапардын алкагында жергиликтүү башкаруу органдардын өкүлдөрү, подряддык уюмдардын, долбоорлоочулар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууларда курулуш иштеринин учурдагы жүрүшү, аткарылып жаткан иштердин сапаты, долбоорлордун ишке ашырылышынын мөөнөттөрү боюнча маселелер талкууланды.

Өзгөчө көңүл курулушу кызуу жүрүп жаткан Баткен шаарынын борбордук стадионуна бурулду.

10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун аймагында негизги футбол аренасынан тышкары үч машыгуу талаасы жана төрт кичи футбол аянтчасы орнотулууда. Ошондой эле ар бир машыгуу талаасынын жанында заманбап кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жайгаштырылат.

Мындан тышкары, стадиондун аймагында кесипкөй футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл алууга ылайыкталган 100 орундуу жатакана комплекси курулууда.

Аталган объектти 2026-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.