«Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштери 60 пайызга аткарылды
13 январь

«Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштери 60 пайызга аткарылды

Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Стадиондун курулуш аянтчасында иштер бекитилген графикке ылайык үзгүлтүксүз улантылууда. Бүгүнкү күнгө карата объектте курулуш-монтаж иштеринин олуттуу бөлүгү аткарылып, долбоордун туруктуу темпте ишке ашырылып жатканын көрсөтүүдө.

Сегиз блок боюнча бетон иштери толугу менен аяктады – 100%. Жер иштери 95% аткарылган, ал эми тышкы инженердик тармактар, анын ичинде канализация жана суу түтүктөрү 98% деңгээлде бүткөрүлдү. Таяныч дубалдар жана тосмолор 90% аткарылып, кийинки курулуш этаптарына өтүүгө шарт түзүлдү.

Имараттын ичиндеги иштер да активдүү жүргүзүлүүдө. Газоблоктон тургузулган ички жана тышкы бөлгүч дубалдар 65%, полдун цементтик стяжкасы 50%, дубалдарды шыбактоо иштери 40% деңгээлде аткарылды. Негизги металл конструкцияларын монтаждоо 35%, ички инженердик тармактарды орнотуу иштери 30% түзөт.

Долбоор этап-этабы менен, курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын сактоо аркылуу ишке ашырылууда. Жакынкы мезгилде инженердик жана ички жасалгалоо иштеринин темпин жогорулатуу пландалууда.

Стадиондун курулушу регион үчүн маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Келечекте ал спорттук жана массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап объектке айланат.