Бишкекте каратэ WKF боюнча Борбордук Азия чемпионаты өтөт
19 июнь

Бишкекте каратэ WKF боюнча Борбордук Азия чемпионаты өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 19-22-июнь күнү “Газпром” спорт комплексинде каратэ WKF боюнча Борбордук Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ирандан келе турган 650дөн ашык спортчу катышат.

Өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтө турган мелдеште Кыргызстандын намысын 260 спортчу коргойт.