Бишкектин самбочулары Казакстандагы эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү болушту
Ушул жылдын 21–24-ноябрында Казакстандын Астана шаарында өспүрүмдөр арасында өткөн «Самбо лигасы» эл аралык турнири болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
«Ак Илбирс» спорт мектебинин тарбиялануучулары мыкты катышып, 3 алтын жана 4 коло медаль жеңип алышып, Бишкек самбочуларынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдешти.
Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:
- Камчыбеков Бахтияр — 53 кг — 1-орун
- Максутов Умар — 64 кг — 1-орун;
- Манченко Артур — 98 кг — 1-орун;
- Ашымбеков Эльмар — 58 кг — 3-орун;
- Талипов Алтай — 53 кг — 3-орун;
- Нармырзаев Нурсултан — 88 кг — 3-орун;
- Шамшыбеков Арсен — 71 кг — 3-орун.
