Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы U-23 Азия Кубогуна финалдык даярдыкка киришти
21 декабрь

Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы U-23 Азия Кубогуна финалдык даярдыкка киришти

Бүгүн, 20-декабрь күнү Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы 2026-жылкы U-23 Азия Кубогуна даярдыктын финалдык этабын өткөрүү үчүн Ажман шаарына (БАЭ) сапар алды.

УТС алкагында команда эки жабык форматтагы контролдук беттештерди өткөрөт. Жыйын 2-январга чейин уланат, андан кийин Азия биринчилигине катышуу үчүн Сауд Арабиянын Джидда шаарына бет алат.

Эске салсак, U-23 Азия Кубогунун финалдык баскычы 6–24-январь күндөрү Сауд Арабиясында өтөт. Биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабиясынын U-23 курамалары менен ойнойт.

Команданын сапары алдында КФБнын башкы катчысы Мeдербек Сыдыков оюнчулар менен жигиттерибизге ийгиликтүү даярдык өткөрүүнү каалады.