Оштун мэри Акжол Махмудовду кабыл алып, 100 миң сом тапшырды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, 1-июнда Олимпиаданын эки жолку медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш боюнча көп жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери Акжол Махмудовду жана жеке машыктыруучусу - КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушууда шаар мэри спортчуну жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алдыдагы мелдештерине ийгилик каалады.
Өз кезегинде Акжол Махмудов көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да Кыргызстандын желегин бийик көтөрүүгө аракет кыларын айтты.
Жолугушуунун соңунда Акжол Махмудовго 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 50 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Ошондой эле мэр жакынкы айларда Акжол Махмудовдун катышуусунда Ош шаарында ири спорттук иш-чара өткөрүлөрүн билдирди.
Маалымат үчүн: Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023), Азиянын үч жолку чемпиону (2018, 2022, 2023), Азия оюндарынын алтын (2023) жана күмүш (2018) медалдарынын ээси. Ошондой эле Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш жана Париж-2024 Олимпиадасынын коло медалынын ээси.
