Ош шаарында бочча боюнча чемпионат жыйынтыкталды
Ош мэриясы
29 июль

Ош шаарында бочча боюнча чемпионат жыйынтыкталды

Ош шаарында 2026-жылдын 24-июлунда башталган паралимпиадалык спорттун бочча түрү боюнча ачык чемпионат аяктап, жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Спорттук мелдеш Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп, BC1, BC2, BC3 жана BC4 категориялары боюнча өткөрүлдү.

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр менен байге ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, спортчуларды жеңиши менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.