Айпери Медет кызы MUHAMET MALO–2026 турниринин финалына чыкты
28 февраль

Айпери Медет кызы MUHAMET MALO–2026 турниринин финалына чыкты

Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO–2026 эл аралык рейтингдик турнири уланууда. Бүгүн, 28-февралда кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейин салмак чен бирдигинде Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы катышып жатат.

Айпери мелдештин алгачкы баскычын 1/8 финалдан баштады.

Анда Казакстандын балбан кызы Гулмарал Еркебаеваны 12:2 ири эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

Кийинки айлампада болгариялык Ванеса Георгиева менен болгон кармашта 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Түркиянын өкүлү Эльмира Ясинди 9:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Ал эми алтын медаль үчүн чечүүчү финалдык кармашта Эквадор өлкөсүнүн спортсмени Генезис Вальдес менен күч сынашат.